Жакында эле америкалык режиссёр жана сценарист Крис Коламбустун "Жаңы жылдык жылнаама-2" аттуу үй-бүлөлүк кинокомедиясы көрүүчүлөргө тартууланды.
Аталган тасмада Санта Клаустун үйүндө кыргыз шырдагы колдонулганын көрүүгө болот. Тасмадагы ошол кадр интернет желесине тарап, сыймыктанууну жараткан пикирлерди топтой алды.
Тасманын биринчи бөлүгү эки жыл мурун чыккан.
Шырдак - бул кыргыздын улуттук баалуулуктарынын бири, тагыраагы, кийизден жасалган килем. Белгилей кетсек, шырдак ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын колдоого муктаж тизмесине киргизилген.