"Абага зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну токтотобуз". Япония бензин менен жүргөн унааларды чыгарууну токтотот

Япония бензин менен жүрүүчү автоунааларды чыгаруусун токтотот. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Экономика, өндүрүш жана соода министрлигинде макулдашуулар болуп жаткандыгына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, 2030-жылдан тарта Японияда электр тогу жана суутек менен иштечү гибрид моторлуу унаалар чыгарыла баштайт.

"Автоунаа өндүрүүчүлөрдүн мындай кадамга барышына премьер-министр Есихидэ Сугинин "2050-жылга чейин абага зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну токтотобуз" деген демилгеси себеп болууда. Адистер бул чечим автокурулуш индустриясына бир топ өзгөрүүлөрдү алып келерин айтууда. Япония жаңы багыттар боюнча жылдын аягына чейин өз позициясын аныктай турганын билдирди", - деп жазылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-12-04 09:25:42
2050 жылды кутпой эле эми эле баштай берсе эмне болот? Анда керектеле турчу жабдыктар, мээ, тажрыйба азыр деле бар да япондордо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан