Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Санду президенттик резиденцияда жашоодон баш тартты. Бул тууралуу анын жергиликтүү каналдарга берген маегинде билдиргенине таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Майя Санду бул аракетин мамлекеттин акчасын ашыкча короткусу келбегени менен түшүндүрдү.
"Мен Кондрицадагы резиденцияга барбайм жана каржылоого мамлекеттик акчаны жумшабайм. Ушул убакка чейин өзүмдүн батиримде жашап келгенимдей, ошол жерде калам", - деп билдирген ал.
48 жаштагы президент Майя Санду Кишинёвдогу 2 бөлмөлүү жеке батиринде жашайт. Ошондой эле кызматтык унаадан да баш тартып, 2007-жылы чыккан "Toyota Rav-4" үлгүсүндөгү менчик унаасын айдайт.