Тогуз-Тородо жол кырсыгы катталып бир адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жол кырсыгы катталып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"3-декабрь күнү Тогуз-Торо районунда саат 18:00де Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 73-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) Тойота Гайя унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Натыйжада 1959-жылы туулган эркек адам каза болуп, 4 адам (1974-жылы туулган эркек адам, 1975-жылы туулган жана 1995- жылы туулган аял кишилер, 2014-жылы туулган жаш бала) жабыркаган.

ӨКМнын №46 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан