Бириң баатыр, бириң эр, президент болчу кимиңер? Кайсы талапкер канча кол тамга чогултканы белгилүү болду

3-декабрь күнү саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек болчу. Көрсөтүлгөн убакытка чейин 21 талапкер кол тамгаларды тапшырса, алардын ичинен Самат Ибраевдин чогулткан кол тамгалары 30 миңге жетпей калгандыктан талапкерликке катталган жок.

30 миңден кем эмес кол тамга чогулткан талапкерлердин тизмеси:

Бабыржан Төлбаев — 58 миң 29;
Садыр Жапаров — 59 миң 998;
Аймен Касенов — 46 миң 270;
Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) — 47 миң 998;
Равшан Жээнбеков — 39 миң 874;
Курсан Асанов — 43 миң 864;
Элдар Абакиров — 43 миң 630;
Адахан Мадумаров — 39 миң 856;
Абдил Сегизбаев — 55 миң 480;
Кубан Чороев — 39 миң 53;
Жеңишбек Байгуттиев — 51 миң 896;
Мыктыбек Арстанбек — 33 миң 83;
Клара Сооронкулова — 33 миң 458;
Рашид Тагаев — 40 миң 561;
Бактыбек Калмаматов — 35 миң 300;
Каныбек Иманалиев — 35 658;
Имамидин Ташов — 39 493;
Кубанычбек Токтосунов — 30 106;
Улукбек Кочкоров — 43 804;
Канат Исаев — 38 987.

Кабыл алынган кол тамгалардын аныктыгын БШК 8 күндүн ичинде текшерип чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
amin1986
2020-12-04 12:10:35
Жапаров алга
+21
Djumahmatov
2020-12-04 13:18:58
Булар колду кантип топтоп жатышат отуруп алып эле жазып жатышабы кол тамга сураган киши жокго
+19
salimbek87.kg
2020-12-04 13:58:41
Буйруса Садыр Жапаров өлкө башчы болот .Эң көп кол топтогон да шайлоодо да эң көп добуш болот буйруса.
+13
Mashyrbek
2020-12-04 14:03:50
С. Жапаров татуктуу
+12
Samurai07
2020-12-04 16:56:52
Арстан Алай ушунча кол топтодубу кутподум эле
+8
al-abu-kinesz
2020-12-04 17:42:21
Samurai07, мен ойлогом Арстан Алай 666 голос алса керек деп
0
Baatirbek81
2020-12-04 18:57:00
al-abu-kinesz,Мадумардан көп топтоптурго))
+1
Baatirbek81
2020-12-04 18:57:43
Samurai07,Мадумардан көп топтоптурго))
+1
Arzybekkg
2020-12-04 18:43:50
Булар эмне мектеп окуучуларынан да кол топтогон окшойт. Кээ бир омуру аты чыкпаган адамдар 40мин 33мин добуш алганына тан калдым. С.Жапаров алга
+5
Munir81
2020-12-04 18:59:53
Садыр Жапаров Алга
+5
aizbek
2020-12-04 19:29:52
Бул менин оюмча 200%туура эмес,туура эмес экени айтып туратго Арстан Алай,аны жанакы озу менен кошо жургон кок мээлер эле колдосо даже ит колдобойт,ошону колдогондор мээнарди иштеткиле
+3
Nursul
2020-12-04 19:43:51
Булар каяктан эле чогултуп атышат голосту. Башкасына го ишенели арстан алайга ким добуш берет болду экен а.
+4
Asanali
2020-12-05 04:08:17
Бабыржан Толбаев деген мына популярный адамбы. Биринчи ирээт угуп жатам анын аты жонун, ал деген озу ким?
+2
Ariz0112
2020-12-05 10:17:28
Мага кол тамга сурап келишти кагаздын үстүндө Садырга же башкага дегени жок эле ф.и.о мн паспорттун сериясын жазасың ал кимдин атынан кетти белгисиз.
0
Ariz0112
2020-12-05 10:18:15
Садырдын атын жамынып кол тамга койдургандар да болду окшойт деп күмөн санайм.
0
Ariz0112
2020-12-05 10:19:07
Значить 46 миң Арстан алайга окшогон адам бар экен да
0
XATSAN125
2020-12-05 11:18:46
От суу аба комур топурак чычырканка эмне бар децм да
+1
vbrb
2020-12-05 20:16:24
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич президенттике татыктуу,ийгилик каалайм, буюрса биздин Президент КУТ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан