Чыгармачылыгынын чыйыр жолу менен бул дүйнөдө өчпөс из калтырган инсандардын бири - Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев. Кыргыздын залкар таланттарынын катарын толуктап кеткен акындын поэзиясы, айтыштары, обондору калың журттун жүрөгүндө сакталып, акындын экинчи өмүрү катары "жашоосун улантууда".
Акындын төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Устаты Тууганбай Абдиев Элмирбек Иманалиевди борборго айылдан алдырып, улуу өнөрдү аркалап калышына себеп болгон. Super.kg порталы эки кайталангыс таланттын жолугушуна себеп болгон Койчубай Абдиев менен маек курду.
- Бул акындардын табияты башкача экен да. Булар жашы өткөн сайын (50дөн өткөндөн кийин эле) өзүнө шакирт издей баштайт экен. Анан үйгө бир тогуз-торолук бала келип калыптыр. 19 жашта экен, үйдө эки-үч күн жүрдү. Тойлордо ырдап жүрчү экен, мен деле ыр билбейм. Чогуу тамактанып бүткөндөн кийин ал бала ырдады. Ырдын мааниси жок болчу. Тууганбай акем дагы бар эле "ээ балам, сен "кесел" турбайсыңбы? Аны элге жугузбай жогол" дебедиби.
Тууганбай акем жаман көрөбү же жакшы көрөбү бетке айтчу. Таарынчаак, шашма дагы жайы бар эле. Ошондо Ала-Белге (ашуу) чейин таарынып барды. "Ээ Койчубай, сени ырда десем, ырдабай койдуң" деди. Биздин айылдан көп ырчылар: Кошалы, Жолой, Малабаш, Тейти, дагы Кулмат бир топ ырчылар өткөн да. Анан ошолордун ичинен Эшмамбет таластык болгону менен бул жерде (Өзгөрүш айылында) өмүрү өткөнчө жашап, сөөгү бул жерге коюлду. Биз жаш болуп көрбөй калдык. "Ошол Эшмамбет өттү эле ошолордун тукумунан таппай, журтта калган немени үйүңө алып келип" деп Тууганбай акемден тил угуп, анан тоюн өткөргөндөн кийин айылга келбедимби. Ал эми өзүм өмүр бою мал бактым. Ырдаган деле жокмун.
Анан айылдагы мектептерге барып, директорлордон чала-була ырдаган окуучу барбы деп сурап, издей баштадым. Сөздөн сөз болуп, бир жерден биздин айылда Элмирбек деген бала, бирөө Акылбек деген бала бар. Бирөө Шаршендин баласы, бирөө Калилдин (ред.: Элмирбек Иманалиевдин атасы) баласы дегенин угуп калдым. Атасын чала көрсөм керек. Бизден улуу, даанышман киши болчу.
Жаңы эле Нооруз майрамы болуп жатыптыр. 1990-жыл же 1991-жылбы, айтор жаңы Нооруз майрамы майрамдалып жаткан жыл болчу. Анан майрамда Шаршендин баласы менен Элмирбек экөөнү чыгарды. Мугалимдер бириң муну, экинчиң тигини ырда деп жазып берген да. Ошентип мен издеп барсам боз үй тигип ырдап жатышыптыр. Элмирбек ошондо эле мугалимдин жазганына карабай эле өзүнчө ырдап жатат. Анан кимдин баласы деп сурап калдым. Бул Калилдин (Калилдин апасы айтылуу Эшмамбет акындын кызы болот) баласы деп калышты. Анан эле Кудай берди деп калдым.
Андан дагы бир жыл өтүп кетти. Тууганбай акеме айттым. Ушул бала (Элмирбекти) Эшмамбеттин небереси экен. Ушундай бала таптым десем, "ии кокуй, мен барайын" деп калды. Биз Бууракан айылында турабыз, Элмирбек Өзгөрүштө турат да. Эки айылдын ортосу 20 чакырымды түзөт.
Өзгөрүшкө Токторбай деген таекебиздин үйүнө Элмирбекти алып келдим. Ал күнү Тууганбай акемди башка жакта коноктошуп келе албай калды. Эми айланайын ошол баланын өңүн көрсөң азыр дагы ыйлагым келет. Чолпондой бала, бейбаш. Анан ошондо эле дептерге ыр жазып алыптыр. Ырларын көргөздү. Комуз таап кел дешти. Таап келген жыргабаган деле комуз эле. Бир убакта ойду-тоону эле ырдап жатат. Ошол эле убакта 12-13 жашында акылы 25-30дагы токтолуп калган балдардай жооп берет. Эртең менен Тууганбай акем келип калыптыр. Эшикте 70-80дей киши бар, Тууганбай акемди ырдайсың дешти. "Эми ырым түгөнбөйт, бир бала таптым" деп Элмирбекти колунан жетелеп үйгө кирип кетти. Биз эшикте калдык. Эмне деп сүйлөшкөнүн, эмне деп ырдаганын биле албайм. Жанында болгон жокмун да. Анан эле Тууганбай акем алтын таап алгансып, барбалактап сүйүнүп, "Элмирбекти борборго алып кетем" деди.
Кийин Элмирбек эмне деп ырдады деп сурасам "Алты ооз сөзүм төгө албай, ангина болуп турам" деп ырдаган экен. Мына 12-13 жашында эмне деп гана ырдаган. Андан соң ата-энесине айтып, камынтып, алар "жаш эле, бул эле, тентек эле" деп калышты. Ошентип Тууганбай акем Элмирбекти борборго алып кетти. Ал жактан окутту.
Шаарга көп деле барбайм да, бир ирет барганда кандай бала болду деп сурасам Тууганбай акем "Аа, Кудай буюрса, сакалы жок чал" деди. Тапканым ойлогондой болду деген. Элмирбек айткандай эле болду.
Элмирбек 20 жылдык чыгармачылык кечесин өткөргөндө эки күн концертине алып барды, сыйлады. Баарыбыздын ишеничибизди актады. Андан кийин айылда жашагандыктан жолуга албай калдым. Элмирбек каза болгондо аны таап бербей эле койбой деп аябай кейидим. Мүмкүн таппасам деле эл ырчысы болмок. Жок дегенде 50 жашка чыгып өлсө эмне болмок деп ойлойсуң, эми ажалга айла жок экен.
Бул жерде болгону себепчи гана болдум. Анын өзүндө талант, көрөңгө бар болгону үчүн элдин сүймөнчүгүнө ээ болду. Элмирбектей талант эл арасынан чыгат эми, бирок чыкса дагы кеч чыгат го.