Депутаттардын эч кимиси ноябрь айынын айлыгынан баш тарта элек. Эмне үчүн Жапаров ырайым берген 230 адамдын тизмеси жарыяланбайт? Күн ичинде орун алган саясий кабарлардын жыйындысы бир шилтемеде

Бүгүн, 4-декабрь, күнгө жума. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күндүн "туздуу" саясий окуяларынын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Депутаттар октябрь-ноябрь айлары үчүн айлык акысын толук көлөмдө алышты

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь-ноябрь айлары үчүн айлык акысын толук көлөмдө алышты. Көпчүлүгү октябрь айындагы маянасын Ак Үйдү оңдоп-түзөө иштерине которушса, ноябрь айынын айлыгынан азырынча эч ким баш тарта элек.

6-октябрда БШК 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарган. Аталган комиссия кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Жогорку Кеңеш шайлоону токтотуп туруу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алган. Анда айрым депутаттар буга чейин бюджетти үнөмдөө үчүн 6 ай бекер иштөөнү демилгелеген. Бирок буга кээ бир эл өкүлдөрү каршы чыгышкан.

Талант Мамытов иш сапары менен Москвага барат. Делегациянын курамында кимдер бар?

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрь күндөрү иш сапары Москвага барат.

Анда Талант Мамытов Орусиянын Федералдык жыйынынын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз-Орус алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.

Бул Талант Мамытовдун президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы катары биринчи иш сапары.

Кайсы талапкер канча кол тамга чогултту?

Президенттикке аттанып жаткан кайсы талапкер канча кол тамга чогултту? 3-декабрь күнү саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек болчу. Көрсөтүлгөн убакытка чейин 21 талапкер кол тамгаларды тапшырса, алардын ичинен Самат Ибраевдин чогулткан кол тамгалары 30 миңге жетпей калгандыктан талапкерликке катталган жок. Кабыл алынган кол тамгалардын аныктыгын БШК 8 күндүн ичинде текшерип чыгат.

  • Бабыржан Төлбаев — 58 миң 29;
  • Садыр Жапаров — 59 миң 998;
  • Аймен Касенов — 46 миң 270;
  • Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) — 47 миң 998;
  • Равшан Жээнбеков — 39 миң 874;
  • Курсан Асанов — 43 миң 864;
  • Элдар Абакиров — 43 миң 630;
  • Адахан Мадумаров — 39 миң 856;
  • Абдил Сегизбаев — 55 миң 480;
  • Кубан Чороев — 39 миң 53;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 миң 896;
  • Мыктыбек Арстанбек — 33 миң 83;
  • Клара Сооронкулова — 33 миң 458;
  • Рашид Тагаев — 40 миң 561;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 миң 300;
  • Каныбек Иманалиев — 35 658;
  • Имамидин Ташов — 39 493;
  • Кубанычбек Токтосунов — 30 106;
  • Улукбек Кочкоров — 43 804;
  • Канат Исаев — 38 987.

Эмне үчүн Садыр Жапаров ырайым берген 230 адамдын тизмеси жарыяланбайт?

Бүгүн, 4-декабрда президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиясынын катчылыгынын адиси Светлана Бондарева брифинг өткөрдү. Анда Светлана Бондаревага "Эмне үчүн Жапаров ырайым берген 230 кишинин тизмеси жарыяланбайт?" деген суроо узатылды.

"Бул жашыруун маалымат. Бирөөлөр тууралуу жеке маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Жарлык өзү президенттин сайтына жарыяланат", - деп жооп берди Бондарева.

18-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруу учурунда ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык абактан 230 адам бошотулуп, 38 соттолгон адамдын мөөнөтү кыскартылган.

Жол кырсыгына кабылган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин абалы жакшы

23-ноябрда жол кырсыгына кабылган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин абалы жакшы, 8-декабрда ишке чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталы ал менен байланышканда белгилүү болду.

"Учурда ооруканада жатам, онлайн түрдө иштеп жатам. Шейшемби күнү жумушка чыгып калам" деди ал.

Автокырсык Бишкек-Торугарт жолунун 156-чакырымында катталган. Ыкчам тергөө тобу алган маалыматка ылайык, Тойота Прадо үлгүсүндөгү кызматтык унаанын 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен өкмөттүн өкүлү жеңил жаракат алган. Жантаев Бишкек шаарында ооруканада жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mariolan
2020-12-04 18:40:41
чимкириктер элди уруп ойнобойт, Садыр ака баш болуп бүгүн айтат, эртең айтканынан кайтат, вот ушундай, фанат болуп аткан зомбилер билип алгыла силер буларга бир тыйынсыңар
+1
Baatirbek81
2020-12-04 19:26:19
Жеп жуткурлар кризис болуп эт,продук..р кымбатап жатса айлыктарынан кантип баш тарсын ачкадан өлүшпөйбү байкуштар!
Буларды бекер эле иште иштебесең жогол деш керек ансыз деле өз байлыктарын коргош үчүн ошол жерде айлыкты элдин эсебинен алып жатышат!
+2
Ayselim
2020-12-04 22:13:21
Арстан алайга ким добуш берди экен анчалык
+1
Mustafo
2020-12-06 22:05:11
Ayselim, Теңирчилер болсо керек
0
bond02
2020-12-05 11:58:53
А мумкун Садыр озуно керектуу адамдарын чыгаргандыр, тааныш билиш дегендей.
+1
BarsBaatyr
2020-12-05 12:08:53
Эл билсин да кимдер мунапыс алганын. Бир Кудай билет кимдер чыкканын
0
asyl1998
2020-12-05 13:27:53
Садыр Жапаровто эч бир уят деген жок экен. Ушунчалык наглый адамдар бар экен. Садыр азыр озунун кудаларын, туугандарын кызматка дайындап жатканы эмне деген шумдук. Уялбай анысы аз келгенсип госрезиденцияда, госохранасы менен жашап жатыптыр. Мамлекет кедей болуп арандан зорго жашап жатса, Садыры баш болуп, депутаттар тош болуп элдин эсебинен кун откоруп жатышат. Кыскасы мунун токтотуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан