Жол кырсыгына кабылган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин абалы жакшы, 8-декабрда ишке чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталы ал менен байланышканда белгилүү болду.
"Учурда ооруканада жатам, онлайн түрдө иштеп жатам. Шейшемби күнү жумушка чыгып калам", - деди ал.
Элчибек Жантаев 23-ноябрда жол кырсыгына кабылган. Автокырсык Бишкек-Торугарт жолунун 156-чакырымында катталган. Ыкчам тергөө тобу алган маалыматка ылайык, Тойота Прадо үлгүсүндөгү кызматтык унаанын 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен өкмөттүн өкүлү жеңил жаракат алган. Жантаев Бишкек шаарында ооруканада жатканы айтылган.