Эңилчек жайлоосунда 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу. Экспертиза ал өзү-өзүн башка атып каза тапканын аныктады

2019-жылы Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу Сергей Смирновдун жансыз денеси ушул жылдын апрель айында табылган. Жансыз денеге жасалган экспертизанын жыйынтыгында Смирнов өзүн-өү атып каза тапканы аныкталган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Шектүүнүн жансыз денеси 9 айдан кийин тоодон табылган. Жанынан ок атуучу курал (карабин) алынган. Ал өз өмүрүнө кол салып, тактап айтканда, өзүн-өзү башка аткан", - деди басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 4-июлунда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы Сергей Смирнов Вепрь үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүргөн. Мындан сырткары ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алып, кийин кайра коё берген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан