"180 миңге чукул добуш". Айсулуу Тыныбекова UWW жүргүзгөн сурамжылоодо "мыкты спортчу айым" наамын жеңди

Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны Айсулуу Тыныбекова UWW'нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) Инстаграм баракчасы аркылуу онлайн уюштурулган "мыкты спортчу айым" наамында жеңүүчү аталды.

Сурамжылоого жалпы дүйнөдөгү эң мыкты деген 16 балбан катышып, финалга кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон индиялык Винеш Пхогат менен ат салышып, атаандашын артка калтырды.

Айсулуу Тыныбековага 170 миң 989 колдонуучу добуш берсе, анын индиялык атаандашына 121 миң 907 колдонуучу добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
rafo80
2020-12-04 19:25:43
Азаматсын Айсулуу!!!
+11
GS-Zari
2020-12-04 19:27:12
Азаматсын!!! Куттуктайм,сыйлыгын кут болсун!!!
+9
Simels
2020-12-04 19:28:28
Молодцы жеңдик акыры )
+11
Boru-89
2020-12-04 19:28:39
Болушунча аракет кылдым эле,женип алса экен деп,тааныштарга жонотуп.Мээнетим акталгандай эле болдум.Азаматсын Айсулуу сени мн сыймыктанабыз.
+14
aiba.20201234567
2020-12-04 19:29:33
молодец поздравляю
+10
Zhumakunova_sh
2020-12-04 19:31:01
Урааа!!! Айсулуу сен татыктуусун!
+9
zevs
2020-12-04 20:12:23
Айсулуу бизге алтын алып кел еми. Ойунжа дагы ийгилик коштосун.
+8
Alia82
2020-12-04 20:34:03
Оооо, молодец, эн сонун, азамат, куттуктайм!!!!!!!
+6
CR7_JUV
2020-12-04 22:57:04
Мен уткандай кубанып жатам го
+2
Real_mir
2020-12-05 02:03:21
Бириксек колдон келет.миллиарт индияны миллион болуптуруп жендик.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан