Украинанын депутаты жыйын учурунда эротикалык сүрөттөрдү карап жатканы түз эфирге түшүп калды (видео)

Украиналык депутат жыйын учурунда эротикалык сүрөттөрдү карап жатканы түз эфирге түшүп калды. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдар билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 3-декабрда болгон. Анда "Элдин кызматчысы" партиясынын мүчөсү Евгений Петруняк Украина парламентинин отурумунда эротикалык сүрөттөрдү көрүп жатып түз эфирге түшүп калган.

"Түз эфир учурунда депутат уюлдук телефонунан жылаңач көкүрөктүн сүрөтүн көрүп жаткан. Ал мезгилде жыйында депутат Григорий Мамка сөз сүйлөп жаткан", - деп айтылат маалыматта.

Украинанын депутаты жыйын учурунда эротикалык сүрөттөрдү карап жатканы түз эфирге тушүп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alibaev777
2020-12-04 21:31:57
Биздиклерда кем калбаса керек
+7
Baatirbek81
2020-12-04 21:50:08
Бул дагы сексалю турбайбы,бизде эле экен десе))))
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан