Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүүчү мектептердин 6-11-класстарынын окуучуларына математика боюнча Республикалык олимпиада өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен онлайн форматта, 19-декабрда саат 12:00дө өтөт.
Ал эми 9-10-класстардын окуучулары үчүн олимпиада эки этап менен өтөт:
"6-8-класстар арасында онлайн олимпиадада 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланышат. 9-11-класстар арасындагы олимпиаданын 2-этабынын (финал) жыйынтыгында 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланып, эл аралык олимпиадаларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. 9-11-класстар арасындагы олимпиадада 1-орунду ээлеген окуучулар Кыргыз-Швед математика мектебинин математикалык клубунда окуу үчүн грантка ээ болушат. Олимпиаданын бардык катышуучуларына электрондук сертификаттар ыйгарылат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, олимпиада акысыз өткөрүлөт. Эгерде суроолор болсо, rom.ksms@gmail.com электрондук почтасына кат жазсаңыздар болот.