Бүгүн, 5-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 65 миллион 842 миң 942 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 42 миллион 301 миң 454 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 518 миң 560 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 14 миллион 353 миң 740 болду. 279 миң 726 адам каза болсо, 5 миллион 470 миң 389 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 571 миң 559 адамдан аныкталды. 139 миң 188 адам каза болсо, 9 миллион 16 миң 289 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 533 миң 968 адам вируска кабылган. 175 миң 964 бейтап көз жумса, 5 миллион 825 миң 745 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.