Ереванда Никол Пашиняндын отставкасын талап кылгандар митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алар Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды шейшемби күнү саат 12:00гө чейин кызматтан кетишин талап кылышты.
Премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюлары менен өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциялары башталган. Митингчилер имаратка кирип барып, Пашиняндын иш бөлмөсүн талкалап, андагы мамлекеттик символдорду алып кетишкен.