
Германиянын жараны 6 миллион еврого бааланган мүлкүн коңшуларына мураска калтырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өткөн 2019-жылы каза болгон Германиянын Гессен шаарынын Рената Ведель аттуу тургуну, пенсионер алты миллион еврону коңшуларына мураска калтырган. Банктык эсеби, баалуу буюмдары, үй-мүлкү анын кошуналарына берилет. Мураска калтырылган мүлктүн жалпы наркы 6 миллион 200 миң еврону (болжол менен 629 миллион 173 миң 600 сом) түзөт.