Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги Самат Курманкуловдун ден соолугу жакшырып, бирок дагы дарыланууга муктаж экени айтылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.
Аспеков Самат Курманкуловдун абалын сурап, ал менен жолугуп келгенин жарыялады.
"Самат Курманкуловдун ден соолугу, эс-тумуму жакшырып калыптыр. Мурдагы болгон окуялардын баары эсинде экен. Бирок ал дагы дарыланууга муктаж. Ден соолугу толугу менен жакшы боло элек", - дейт ал.
Самат Курманкулов өткөн жылдын 7-августунда Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен. Москвадан өлкөгө 2020-жылы 6-апрель күнү келген.