Чүйдө мал уурдаганга шектүүлөр кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айылдардын биринен 48 баш койду уурдаганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ыкчам кызматкерлер жакынкы аймактарды териштирип, күбөлөр менен сурамжылоо жүргүзүшүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун коопсуздук камераларын колдонуп, уурдалган малды ташыган унаанын маркасын аныктап, андан кийин кылмыш жасаган шектүүлөрдү кармашты. Алар 24 жаштагы М.Р., 18 жаштагы Ч.А. жана М.З.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө уурдалган малды сатып алган адам аныкталды, ал. К.Э. аттуу деген жаран болуп чыкты. Сатып алган адам тергөө учурунда өз ыктыяры менен жабырлануучуга 15 баш койду кайтарып берди", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда кармалган шектүүлөр 98-берененин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, жогоруда аталган адамдардын ушул сыяктуу 7ге жакын мал уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги белгилүү болуп, алар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан