Америкалык "Time" журналы 2020-жылды дүйнө жүзүнүн тарыхындагы "эң оор жыл" деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Time" журналынын киносынчысы Стефани Зачарек журналга 2020-жыл көпчүлүк үчүн сыноо болгону тууралуу макала жазган.
Анын айтымында, азыркы жашап жаткандардын басымдуу бөлүгү мынчалык катаал жылды башынан кечиришкен эмес.
"Азыр жашап жаткандардын көбүнүн башынан мындай оор жыл өткөн эмес. Жаратылыш кырсыктары, шайлоодогу ызы-чуулар, 1 жарым миллиондой адамдын өмүрүн алган, жер жүзүндөгү адамзаттын жашоосун өзгөрткөн вирус жарганаттан тарады деп тыянак чыгарды. Мунун баарына көпчүлүк даяр эмес болчу", - деп жазган ал.
Ошол эле учурда макаланын автору дүйнө тарыхында мындан да катаал, жаман жылдар болгонун эскерген. Бирок сасык тумоо пандемиясын, улуу депрессияны жана эки дүйнөлүк согушту көргөн адамдар азыр аз калганын белгилеген.
"Буга чейин, ноябрь айындагы сурамжылоолорго ылайык, 28 пайыз адамдар 2020-жылдагы жашоону эң начар жылдардан болду деп жооп беришкен. Изилдөөнүн катышуучуларынын үчтөн бири быйыл эң кыйын нерсе жумушсуз калуу же жумуштан бошотуу болгонун белгилешкен. Кирешенин төмөндөшүн 2020-жылдын негизги терс фактору деп атап, Орусиянын жашоочуларынын төрттөн бири пандемиянын оор мезгилин башынан кечирип жатышкандыгын белгилешкен", -деп жазылат маалыматта.