Бишкекте оюнчук тапанча менен банкты тоноого аракет кылган чет элдик жаран кармалды

Бишкекте банкты тоноого аракет кылган Пакистан жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-ноябрда орун алган.

"27-ноябрь күнү саат 17:20да Бишкектин Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан банктардын бирин тоноо аракети болгондугу тууралуу "102" кызматына маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү банктын өкүлү арыз менен кайрылып, кызматкерлерди тапанча менен коркутуп, банкты тоноого аракет кылган жаранга карата чара колдонууну суранган. Арызда кылмышкер белгисиз тилде сүйлөп, ойлогон ою ишке ашпагандыктан качып кеткени белгиленген.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы М.Р. аттуу Пакистандын жараны кармалды. Шектүүнүн жанынан 2 оюнчук пистолет алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени иликтенүүдө.

Бишкекте оюнчук тапанча менен банкты тоноого аракет кылган Пакистан жараны кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazarnew
2020-12-07 12:36:45
Карантинде олтура берип тажаса керек да байкуш, или уйунон Акча келбей атса керек да.
+6
suban78
2020-12-07 13:00:05
Азамат. Ар ким эле мындай ишке бара бербейт. Менден сурабапсын да кантип тоношту. Банктын ички тузулушун жакшы билем, айтып берет элем.
+1
faraon312
2020-12-07 13:16:38
Кыргыздарды оюнчук менен коркутса болот деген го бечара)
+3
Rusi79
2020-12-07 13:24:24
Ээ бечара,таш которуп кирбептир да,биздикилер коркпойт пистолет эмес танкадан деле.
0
Chungyz
2020-12-07 13:34:16
Озунчо эле боевик кылып тартыпсынарго
0
muku.85
2020-12-07 13:45:25
Биздин снайпер менен аткандарды таш менен кубалаганыбызды уга элек го бу мигрант
+1
Nur777
2020-12-07 14:39:16
Пресса ГУВД жакшы иштейт экен,прям боевик кылып,монтаждап,музыкасы менен))) Рахмат)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан