Орусияда төрт жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Нарындан кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны Нарын облусунан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Нарындын криминалдык милиция кызматы тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын М.В. аттуу 41 жаштагы жараны кармалды. Кармалган жаран Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (баңги заттарды сатуу жана сактоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн 2016-жылдан бери аталган өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Учурда кармалган адам Нарын шаарындагы СИЗОго киргизилди", -деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кабарланган. Учурда М.В.ны Орусияга экстрадициялоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан