"Оозунан көбүк чыгып". Индияда белгисиз оору жайылууда. Бир адам каза болду

Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз оорудан 350дөн ашык адам ооруканага жаткырылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, белгисиз оорудан бейтаптар башы айланып, талма оорусун сезип, күтүүсүздөн эс-учун жоготуп, оозунан көбүк чыгып, калтырап-титиреп жатып калышууда. Оорунун себеби азырынча белгисиз, дарыгерлер бейтаптардын анализдерин изилдөөнү улантышууда.

Оорунун себебин аныктоо үчүн аталган шаарга Химиялык технология институтунун жана Бүткүл Индия медициналык илимдер институтунун дарыгерлер тобу жөнөтүлгөн. Бүгүн, 7-декабрда Элуру шаарына Андхра-Прадеш штатынын башкы министри Жаган Мохан Редди барары белгилүү болду.

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aerforce
2020-12-07 13:35:22
Ушул эле жетишпей жатты эле
+13
Kuban-1207
2020-12-07 14:10:30
Аба бузулганда ушундай оору көп болот
+6
saparu
2020-12-07 14:18:00
Кудай сактасын коронавирустай жайылбасын
+12
Shabi
2020-12-07 14:41:22
Олчу убагыбыз келсе эртерээк эле олуп калсак экен,ковид,кобук болбойле
+9
Argen-9393
2020-12-07 15:00:33
Аллах баарыбызды сактасын!!!
+4
Batma.Sh
2020-12-07 16:17:46
Ковидден кутулалбай жүрсөк,көбүгү чыктыбы,эми.:(
+5
Tyty1990
2020-12-07 16:51:44
Уйга отко сыйынганса ушундай болот
0
Nursul
2020-12-07 18:28:46
Адам өлсө өрттөп сууга күлүн чачышса ал суудан кайра өзүлөрү пайдаланып ичип кирин жууп киринип жатышса ошондой болот да табалагандык эмес бирок өзүлөрүнөн көрсүн.
+2
Jeenbek.
2020-12-07 21:44:13
Аллах сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан