Дааратканадан баңгизат колдонгон. Бишкектеги "Космопарк" соода борборунда шектүү кармалды

Бишкекте баңгизат колдонгонго шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда болжол менен саат 20:30 чамасында 5-кичи районундагы "Космопарк" оюн-зоок борборунун дааратканасында белгисиз жаран ийне сайынып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда ошол жердеги жарандар дааратканада белгисиз жаран ийне сайынып жаткандыгын кабарлашкан. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1989-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалган.

Жаранды текшерүү учурунда жанынан 5 жарым таблетка жана ийне табылган. Шектүүнү Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан