АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп эл алдына кымбат баалуу бренддин кийимин кийип чыгып, сынга кабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал күйөөсү, АКШнын президенти Дональд Трамп менен бирге Жорджия штатындагы митингге катышкан. Ал бул иш-чарага 6 миң 200 долларга (526 миң сом) бааланган Alexander McQueen брендинин куру бар кызыл булгаары плащты тандап алган. Мындан тышкары, Мелания кара түстөгү көйнөк жана ошол эле түстөгү кыска юбка кийип жүргөн. Ал эми бутуна зебранын терисинен тигилген такалуу туфли кийген. Туфлисинин баасы болжол менен 875 долларды (75 миң сомго жакын) түзөт.