Индиянын түштүгүндө жайгашкан Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз ооруну жуктуруп алган адамдардын саны 800дөн ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, табышмактуу ооруну жуктуруп алгандардын саны 800 адамдан ашса, бир адам каза болгон. Оорунун белгилери катары баш айлануу, эпилепсия, күтүүсүздөн эс-учун жоготуу, оозунан көбүк чыгуу жана денени калтырак басканын байкашкан. Жергиликтүү бийлик белгисиз оору адамдан адамга жукпаарын айтышууда.
Мындан тышкары, жергиликтүүлөр оорунун келип чыгышын кир суу менен байланыштырууда.
Буга чейин Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз оорудан 350дөн ашык адам ооруканага жаткырылып, бир адам каза болгондугу кабарланган.