Бишкекте жасалма номер менен жүргөн унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-декабрда Токомбаев көчөсүнөн патрулдук милициянын кызматкерлери Тойота Камри унаасынын айдоочусун жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.
"Документтерди текшерүүдө 26 жаштагы жаран жасалма мамлекеттик номурлар менен унаа айдап жүргөндүгү аныкталды. Унаасы унаа токтоочу жайга токтотулуп, айдоочу Октябрь РИИБине жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.