Төрөхан Жунусбеков "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалганын айрым маалымат каражаттары жазышууда. Ал эми Жунусбеков SUPER.KG порталына бул тууралуу маалыматы жок экендигин билдирди.
"Дайындоо боюнча менин кабарым жок. Өзүм дагы интернеттен окудум. Негизи ушундай сөз болгон, бирок чын же жалган экенин азырынча билбейм", - деди Жунусбеков.
Ал эми "Мегаком" байланыш операторунун басма сөз кызматына байланышуу мүмкүн болгон жок.
Буга чейин “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Төрөхан Жунусбеков өзүн мэрлик кызматка татыктуумун деп сунуштаган.