Түптө мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Анын короого кирип бараткан учуру видеого түшүп калган

7-декабрь күнү социалдык тармактарга "белгисиз жаран мал сарайдан бир баш жылкыны уурдап бара жатат" деген видео тарап, "айылдыктардын малын уурдаган адамга карата чара көрүлбөй жатат" деген билдирүү жазылган. Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы, төмөндөгүлөрдү билдирди.

"6-декабрь күнү Түп райондук милициясына 46-жаштагы Ой-Тал айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 20:30 чамасында белгисиз адам мал сарайына кирип, бир баш жылкысын жетелеп чыкканы, андан кийин үй ээлери көрүп калып артынан кууганда, уурдаган малды талаага таштап качып кеткени айтылган. Арыздануучу мал уурулук фактысы видеокөзөмөлгө түшкөн тасманы да милиция кызматкерлерине тапшырып берген.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурулукка шектелип Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 52-жаштагы тургуну К.М. кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алды.

Учурда кармалган адамдын дагы башка мал уурулук фактыларына катыштыгын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-12-08 13:57:56
Алабай байлап койсоңор бир дагы ууру жолобой калат.
+2
zam81
2020-12-08 17:24:25
Охоо айабай онугуп баратканбызго сарайга чейин камера умный город бул жакта эле калдыго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан