Сыны айылынын тургуну: "Өрт өчүрүүчүлөр 2 саатта келди, алар келгенде бала бакча күйүп бүтүп калган болчу"

Буга чейин кечээ, 7-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылындагы "Айданек" бала бакчасы толугу менен күйүп кеткендиги кабарланган.

Өрт тууралуу аталган айылдын тургуну Илгиз Кантемир уулу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Окуя 7-декабрда түнкү саат 23:00 чамасында болду. Чатырынан коюу түтүн чыгып жатканын көрүп эле чуркап келдик. Бирок ичиндеги буюмдардын эч нерсесин сактап кала алган жокпуз. Себеби өрт жалындап, күчөп кетти. Өрт өчүрүү кызматы 2 сааттын ичинде келди. Ал учурда бакча толук күйүп бүтүп калган болчу. Аталган жай мурда мектеп болуп, өткөн жылдан тартып оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бала бакча катары пайдаланууга берилген . Өрттүн келип чыгуу себеби катары азырынча электр зымдарынан чыккан деп айтылууда. Бирок учурда балдар бакчага барбай жаткандыктан жылыткычтар колдонулбай эле турган да. Эски имарат болгондуктан электр зымдарын чычкан, келемиштер кемирип таштоосу да мүмкүн. Ушундан улам өрт чыккан деп да божомолдонууда. Айыл эли үчүн оор эле болду",- деди ал.

Аксыда "Айданек" балдар бакчасы толугу менен күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан