Экс-министр Космосбек Чолпонбаев операция болгондон кийин 10 күндөн кийин ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.
Ал Космосбек Чолпонбаев учурда кайсы жакта экенин билбей турганын айтты. Ал эми жактоочу Марат Эшперов берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.
13-ноябрда Космосбек Чолпонбаевге операция жасалган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев буга чейин 320-берененин ("кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.