Биз социалдык тармакта

Асхат Осмонов шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге кеңешчи болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси болуп Асхат Осмонов дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 8-декабрда мэриянын шаардык кызматтарынын башчылары менен Балбак Түлөбаевдин катышуусунда жыйын болду. Анда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы дайындалган кызматкерлерди тааныштырды. Кызматка дайындалгандар:
Мэриянын аппарат башчысы - Абдес Анарбеков;
Мэриянын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси - Мырза-Айым Камчибекова;
Мэрдин кеңешчиси - Асхат Осмонов (парламентик шайлоодо ат салышкан "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон);
“Бишкек санитардык полигону” ишканасынын башчысы - Нурлан Наматов, орун басары Тынчтык Медербеков;
"Бишкек наабайканасынын” жетекчиси - Адилет Курпердиев;
Жер ресурстары боюнча башкармалыктын башчысы - Бакай Турдугулов (убактылуу аткарат).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asel69
2020-12-08 14:38:54
Ушул жигит бишкектеги коррупциялык схемалардын бетин ачып элге жеткирип турса анда эн жакшы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан