ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди аныктоо боюнча бөгөт коюуга багытталган бир катар операциялары ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, операция Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жасалган.
"Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, анын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1997-жылы туулган Ш. уулу И. жана 2000-жылы туулган Ж. уулу Т. аттуу жарандар кармалып, аларга карата кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы каражат жалпы салмагы 987 граммды түзгөн гашиш баңгизаты экендиги аныкталган. Азыркы учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.