Ош шаарында боюнан түшүп калган 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин 15 жаштагы кызынын боюнан түшүп калганы боюнча анын апасы ооруканага кайрылганы айтылган.
"6-декабрь күнү шаардык төрөтканадан 102 кызматына 2005-жылы туулган кыздын 5 айлык боюнда болуп, ал түшүп калганы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 164-берене "16 жашка чыга элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" менен катталып, учурда кыз жана анын жакындары суралып жатат. Жакынкы күндөрү окуянын чоо-жайы айтылат", - деди басма сөз кызматынан.