Өзбекстандын президенти өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата камактагы 104 кишиге мунапыс берди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата камактагы 104 кишиге мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мунапыс берилгендердин ичинен алты киши негизги жазасынан толук бошотулса, 50 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгат. Мындан тышкары дагы жети соттолуучунун жана 41 кишинин жаза мөөнөтү жеңилдетилет.

Ырайым бериле тургандардын арасында 13 чет өлкөлүк жаран, 60 жаштан ашкан 9 эркек, 1 аял жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу үчүн соттолгон 21 киши бар.

Өзбекстандын президенти былтыркы жылы Конституция күнүнө карата камактагы 92 адамга мунапыс берген. Андан кийин быйыл февраль айында 58 кишиге, 8-Мартка карата 83, май айында Рамазан айына карата 258 жана өлкө Эгемендигинин 29 жылдыгына карата августта 11 кишиге ырайым берген.

Өзбекстандын Конституциясы 1992-жылы 8-декабрда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur-sultan
2020-12-08 21:50:20
Өзбектер 28 жылдан бери бир эле конституция менен жашап келатат экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан