Армениянын борбору Ереван шаарында оппоцизиялык маанайдагы жарандар митинге чыгып, премьер-министр Никол Пашиняндын отставкага кетишин талап кылууда. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына чыккандар көчөлөрдү жаап жатышат.
"Көрүнүп тургандай, Пашинян отставкага кеткен жок. Демек, ушул учурдан баштап Армениянын жарандары нааразычылык акцияларына чыгууга легитимдүү укугу бар", - деген оппозициялык партиянын өкүлү Ишхан Сагателян.
Ага ылайык, Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылган. Ошондой эле Армения 15-ноябрга чейин Азербайжанга Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачын районун өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн. Мындан улам армениялыктар өкмөт башчыга каршы чыгып, отставкасын талап кылууда. Оппозиция тарап өкмөт башчы Армения тарап үчүн ыңгайсыз келишимге кол койгон деп айыптап жатат.