Биринчи нике түндү өзгөчө, эсте каларлык кылып өткөрүү ар бир адамдын өз колунда. Эгерде сиз да унутулгус кечтин ээси болгуңуз келсе, анда төмөнкү кеңештер жардамга келмекчи.
Бийкечтер үчүн кеңештер
- Ачык-айрым, эч нерседен тартынбаган бийкеч болсоңуз, биринчи түнгө камданып, “алигиңизге” өзгөчө чачтарам жасатсаңыз болот. Мындай чачтарам болочок түгөйүңүздүн түбөлүк эсинде калары бышык. Кааласаңыз, төшүңүзгө убактылуу татуировка тарттырыңыз. Бул да сексуалдуу көрүнүүнүн жолу.
- Өзгөчө ич кийим да биринчи түндө башкы ролду ойнойт. Андыктан сизди сексуалдуу көрсөткөн, ачык түстөгү ич кийим тандаганыңыз оң. Нике түнү сүйүктүүңүзгө “сюрприз” катары кийип алыңыз.
- Үйлөнүү тоюнан соң кыз өзүн алсыз сезип, чарчашы ыктымал. Буга карабастан, маанайды түшүрбөөгө умтулуу керек. Көшөгө артында сүйүктүүңүздү каалагандай жакшы сөздөр менен эритип, эротикалык массаж да жасап бериңиз. Денесин назик колдоруңуз менен укалап, сыйпалап, өзүңүздү эркин кармаңыз.
- Төшөктө колдон келсе, сүйүктүүңүздүн кулагына жагымдуу сөздөрдөн айтып, шыбыраңыз. Мисалы, “кыздык белгимди бир гана сен үчүн сактагам. Бул түнү сага гана арнайм.” жана башка.
- Биринчи түндө өбүшүү да мааниге ээ. Албетте, мырза өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп, күйөөлүк милдетин дароо эле аткаргысы келет. Бирок сиз буга жол бербеңиз. Аны өпкүлөп, өзүңүздү да кошо дүүлүктүрүңүз.
Мырзалар үчүн кеңештер
- Биринчи түндү өзгөчө кылып уюштуруу мырзанын колунда экени талашсыз. Мисалы, мейманканада, яхтада, кыскасы, сиздин фантазияңызга жараша. Сиз тандаган жайда жагымдуу музыканын угулуп турушун көзөмөлгө алыңыз. Бул түнү сүйүктүүңүз жактырган гүлдестени белекке берүү, романтикалык маанай тартуулайт. Колдон келсе баалуу белек берүү, сүйүктүүңүздүн жүрөгүн түбөлүккө багындыруу менен барабар экенин унутпаңыз.
- Эгерде кумар оюндарын жактырсаңыз жана сүйүктүүңүз каршы болбосо, кадимки карта оюндарынан баштасаңыз болот. Албетте, акчага эмес, кийимдерди чечинтүүгө. Кыскасы, бул оюнда улам бирден кийимдер чечилип отуруп, өзүңүздөрдүн кантип жылаңач болуп калганыңызды байкабай калмаксыз.
- Биринчи түн эки жаш үчүн сүйүүнүн түнү болуп саналат. Ошондуктан жигит эч качан ашыкпай, сүйүктүүсүн эркелетип, делебесин козгоочу жерлерин сылап-сыйпалап, сүйүү сөздөрүн кулагына шыбырап, денесин балкыткан соң гана өз ишине өтүүсү керек.
- Кыз менен жигит толкунданып жатып, тамакка табити тартпай калышы ыктымал. Ошондуктан нике түнү мөмө-жемиштин, таттуулар менен суусундуктардын уктоочу бөлмөдө турганы жакшы. Булар менен бири-бириңиздерди сыйлап, энергия топтоңуздар. Жыйынтыгында, эротикалык маанай өзү жаралат.
- Секске байланыштуу ыкмаларды сунуштоо, мырзанын милдети экенин да унутпаңыз.
Нике түнү кыздын кыз белгиси айрылгандан кийин жигит 4-5 күнгө чейин жыныстык катнашка барбоосу керек. Анткени кыздын “алигиси” жаракаттан айыгышы зарыл. Эгер жигит өзүмчүл болуп түгөйүн кыйнаса, аял төшөктөн көңүлү калып, “муздак аялга” айланып калуусу ыктымал. Муну унутпоо керек!
Нике түн үчүн керектүүлөр:
- Жыпар жыттуу шам;
- Массаж үчүн май;
- Эротикалык журнал же китеп;
- Интимдик крем же гель.
Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №361 санынан жарыяланган.