Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) адистери Индиянын Андхра-Прадеш штатында жайылып жаткан белгисиз ооруну изилдөөгө кошулушат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөнүн түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз илдеттин келип чыгышын иликтөө үчүн атайын топ түзгөн. Аталган топко эми ДССУнун өкүлдөрү дагы кошулары белгилүү болду.
Ошол эле учурда оору чыгып жаткан Элуру шаарына кошумча дарыгерлер жана "Тез жардам" кызматы да жөнөтүлөт.
Индиядагы белгисиз оору өткөн жекшемби күнү башталган. Оорунун белгилери катары баш айлануу, эпилепсия, күтүүсүздөн эс-учун жоготуу, оозунан көбүк чыгуу жана денени калтырак басуу болуп жатат. Жергиликтүү бийлик белгисиз оору адамдан адамга жукпаарын айтышууда. Учурда бул оору менен ооругандардын саны 800гө жетип, бир адам каза болду.