20 жаштагы Аскат Осмонов 4 жылдан бери модель болуп эмгектенет. Аны көпчүлүк кийим дүкөндөргө түшүп берген сүрөттөрдөн тааныйт.
11-классында мырзалар арасында өткөн "Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan — 2018" сынагын утуп, Балиде өтүүчү эл аралык "Mister Universal Ambassador — 2018" конкурсуна катышууга жолдомо алган.
Ал эми 2018-жылдын май айында Кореяда өткөн "Face of Asia — 2018" сулуулар сынагында профессионалдуу 15 моделдин катарын толуктаган.
Бакыт Макеев кесиби боюнча мугалим, буга чейин бир нече мектептерде дене тарбия сабагынан берип келген. Социалдык тармактарда өзүнүнүн баракчасын активдүү колдонуп, эл көп жүргөн жерлерде бийлегени үчүн жумушунан айдалган. Бүгүнкү күндө бош убактысында бий жагына көбүрөөк көңүл буруп, кара жумушта иштейт.
Эки мырзанын ортосунда келишпестик жаралып, ал маселеден улам алар рингде беттешүү чечимине келишкен.
Талаш-тартыштын чоо-жайын билүү үчүн биз мырзаларды студиябызга чакырдык.
Маекти толугу менен бул видеодон көрө аласыздар.