Чемпиондор Лигасы: "Мындай футболдо болгон эмес". ПСЖ - Истанбул Башакшехир беттеши ызы-чуу менен аяктап, оюн токтотулду

Бүгүн, 9-декабрь күнү түндө Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы акыркы турдук оюндары өттү. Париж шаарындагы "Парк дэ Пренс" стадионунда өткөн "Н" тайпасындагы ПСЖ - Истанбул Башакшехир беттеши ызы-чуу менен коштолуп, эки команда тең талааны таштап кетишти.

Маалыматка ылайык, эки команданын талааны таштап кетишине капталдагы калыс Себастьян Колцеску "Истанбул Башакшехир" клубунун башкы машыктыруучусунун жардамчысы Пьер Вебону "сен карасың" деп айтканы себеп болгон. Оюнчулар муну "расизм" деп оюн талаасынан чыгып кеткен.

"ПСЖ" командасы да "Истанбул Башакшехир" клубун колдоп талаадан чыгып кетишти. Буга чейин футболдо мындай болгон эмес. Түрк клубу бул окуяга дароо "Расизмге жол жок" деген билдирүү менен социалдык тармактан реакция жасады.

"ПСЖ" - "Истанбул Башакшехир" беттешинде ызы чуу жаралып, оюн токтотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Real_mir
2020-12-09 20:51:46
Армянго по счету
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан