Беларусь өлкөсүндө 1945-жылдагы жеңишти алгачкылардан болуп жарыялаган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, телеграф оператор Любовь Нетупская 101 жашында каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Любовь Нетупская кечээ, 8-декабрда Беларусь өлкөсүнүн Гомель шаарында каза болгон.
Любовь Нетупская 1942-жылы 23 жашында 1-Белоруссия фронтунун штабына кирип, Беларуссияны, Польшаны жана Германияны бошотууга катышкан. 1945-жылы 2-майда ал Берлин шаарына кирген. Ал эми 8-майдан 9-майга караган түнү Москвага биринчилерден болуп, Германия биротоло багынып бергендиги тууралуу актыга кол койгондугу жөнүндө маалыматты берген.
Нетупская "Согуштун ардагери", "Кызыл Жылдыз" жана Ата Мекендик согуш ордендери, "Варшаваны бошоткондугу үчүн", "Берлинди алгандыгы үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медалдары менен сыйланган.