Ысык-Көлдө жасалма акча менен соода кылып жүргөн жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү жаран бир нече дүкөндөрдөн соода кылып, жасалма акча берип жүргөн.
Жети-Өгүз РИИБне Кызыл-Суу жана Дархан айылдарынын тургундары арыз менен кайрылышып, 23-ноябрдын 26-ноябрына чейинки аралыкта белгисиз жаран дүкөндөн соода кылып, эсепти 100 доллар менен төлөп, калган акчаны сом менен кайтарып алгандыгын билдирген. Кийинчерек, 100 доллар жасалма экендиги аныкталган.
Ушундай эле окуя Каракол шаарында болуп, анда 20-ноябрда белгисиз адам дүкөндөн сыра ичимдигин жана чипсы сатып алып, 100 доллар төлөп, калдыгын сом менен алган.
Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 225 беренесинин 1 бөлүгү (Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Ыкчам издөө иштеринин алкагында шектүү болуп Бишкек шаарынын 29 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну кармалды. Алгачкы суракта, шектүү адам күнөөсүн толугу менен моюнга алды.
Анын айтымында, 5 миң доллар жасалма акчаны 2 миң долларга сатып алган. Кийин дүкөндөрдөн жасалма акча менен соода кылып, калдыгын сом менен алып жүргөн. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда", - дешти мекемеден.
Жети-Өгүз РИИБи кармалган адамдан жабыркагандар болсо анда райондук милицияга кайрылууну, же болбосо 0700058999, 102 телефондору менен байланышууну өтүнүшөт.