Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы табышмактуу ооруну жуктуруп алган бейтаптардын канынан оор металлдар, тагыраагы коргошун менен никель металлдары табылып жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Табышмактуу ооруну эмне козгогону жөнүндө толук маалымат борбордук департаменттер өз отчётторун бергенден кийин гана белгилүү болот. Биринчи кезекте, оорунун келип чыгышынын себеби оор металлдар экендиги аныкталды", - деп жазылат маалыматта.
Индиядагы белгисиз оору өткөн жекшемби күнү башталган. Оорунун белгилери катары баш айлануу, эпилепсия, күтүүсүздөн эс-учун жоготуу, оозунан көбүк чыгуу жана денени калтырак басуу болуп жатат. Жергиликтүү бийлик белгисиз оору адамдан адамга жукпаарын айтышууда. Учурда бул оору менен ооругандардын саны 800гө жетип, бир адам каза болду.