Чүй облусунда уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Исрка айылынын 63 жаштагы А.С аттуу тургуну, Чүй ОИИБине арыз менен кайрылган. Анда медициналык мекеменин кеңсесинен 14 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап, из жашырып качып кеткендигин билдирген.
"Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (урдоо) менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.
Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын алкагында, милиция кызматкери бул кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Т.Н. аттуу Чүй облусунун тургунун кармаган. Кармалган адам тергөө абагына жеткирилди", -деп жазылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.