Алмазбек Атамбаевди №47 түзөтүү абагынан УКМК СИЗОсуна которуу пландалып жатканы айтылды

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди №47 түзөтүү абагынан кайрадан УКМКнын СИЗОсуна которуу пландалып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"7-декабрь күнү Биринчи Май райондук сотуна Батукаевдин иши келип түшүптүр. Сот өзү өндүрүштүк ишти кабыл алып, кийин ошол иш боюнча Алмазбек Атамбаевге карата УКМКнын СИЗОсунда кармоо боюнча чечим кабыл алыптыр. Бул мыйзамсыз деп эсептейбиз. Себеби сот нейтралдуу субъект. Ал ортодо турган, калыс болуп бере турган соттук өндүрүштүн катышуучусу. Сот өз эрки менен баш коргоо чарасын тандабайт. Ага жактоочу же прокурорлор соттук отурумда кайрылышы керек. Сотко эч ким кайрылган жок. Ал өз эрки менен негизсиз мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди УКМКнын СИЗОсунда Батукаевдин иши боюнча кармоо жөнүндө чечим кабыл алды. СИЗОдо кармоо - бул негизсиз. Себеби эч жакка качып кетпейт, соттун жүрүшүнө тоскоолдук кылбайт же кылмыш жасабайт. Андыктан СИЗОдо кармоо негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейбиз" , - дейт жактоочу.

Маалым болгондой, мурдагы башчы "Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы бар" деген Кой-Таштагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таш окуясы боюнча иштер бир өндүрүшкө бириктирилип, аны сот Медеров карап жатканы белгилүү. Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча иш өзүнчө бир өндүрүштө каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан