Чүй облусунун Байтик айылындагы 23 баланын тамакка ууланышы боюнча Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылындагы "Кут-Билим" мектеп лицейинин 21 окуучусу (11 жаштан 16 жашка чейинкилер), лицейдин кызматкеринин 7 жаштагы баласы жана 20 жаштагы тарбиячы ууланган.
"Аталган мектеп-лицейдин жетекчилиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругун (№814/1) бузуп, реалдуу режимде окутууну 23-октябрда өз алдынча жандандырып алган.
Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү билим берүүчү мекемелерге менчигинин түрүнө карабастан 2-6-класстын окуучуларын гана реалдуу режимде окутууга уруксат берген. Учурда Байтик айылындагы "Кут-Билим" лицейинде 7-11-класстын окуучулары билим алып, жашашат.
Азыркы тапта балдардын ууланышы боюнча түзүлгөн атайын топ эпидемиологиялык тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары Аламүдүн РИИБинин ыкчам тобу жеринде иш алып барышууда. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги каралат", - дешти маалымат кызматынан.