АКШда коронавируска каршы Pfizer вакцинасын сыноо учурунда алты адам каза болду

Америкалык "Pfizer" компаниясы менен Германиянын "BioNTech" компаниясы биргеликте иштеп чыккан коронавируска каршы Pfizer вакцинасын сыноо учурунда вакцина алган алты адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгон алгачкы ыктыярчы вакцинаны алгандан үч күн өткөндөн кийин каза болгон. Вакцинаны алган дагы эки ыктыярчы инсульттан жана инфаркттан каза болгон.

Учурда дагы калган үч ыктыярчынын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат. Вакцинаны алып каза болгон алты кишинин үчөө 55 жаштан жогору экендиги белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asanali
2020-12-10 03:43:29
Кече куну Pfizer компаниясы чыгарган вакцина 95% эффективдуу деп жатышпады беле. Эми эмне болду? Трамптын администрациясы алдын ала сатып алып койду, 2021 жылдын июнь айынын аягына чейин сатып алыша албайт, башка компаниялар деп жатышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан