Жогорку Сот: "УКМК 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевдин иши кайрадан каралат"

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин ишин Жогорку Сот кайрадан карап чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

"Дамир Мусакеевга карата биринчи жана экинчи инстанциянын чечимдери жокко чыгарылды. Жазык ишин жаңыдан башка курамда кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жиберилди" , - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2019-жылдын февраль айында Дамир Мусакеевге карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда, кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө, мыйзамсыз иштерге барууга шектелип кармалган. 2019-жылдын май айында Свердлов райондук соту Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан