Түркия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын сатып албоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, мындай чечим кабыл алынгандыгын Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджа билдирген.
"Түркия Орусиянын коронавируска каршы Спутник V вакцинасын сатып албайт. Орусиялык вакцина - бул аденовирустук вакцина. Мындай маселе GLP'нин негизинде (лабораториялык практиканын) жаралган. Орусиянын вакцинасы GLP'ге ылайык келген эмес", - деген Фахреттин Коджа.
Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда Спутник V вакцинасын сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан.