Италиянын "Пьянезе" клубунун 23 жаштагы оюнчусу коронавирустан айыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Сиена шаарындагы ооруканадан биздин 23 жаштагы футболчубуз коронавирустан айыгып чыкты", - деп билдирген "Пьянезе" клубунун басма сөз кызматынан.
Буга чейин "Пьянезе" клубунун 3 оюнчусу жана бир кызматкери коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Италия мамлекети коронавирус жуктуруп алган өлкөлөрдүн ичинен Кытай (80 миң 735 адам) менен Түштүк Кореядан (7478 адам) кийин үчүнчү орунда (7375 адам) турат жана бул оорудан каза болгондордун саны боюнча Кытайдан (3008) кийин экинчи орунда турат (366).