Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов: "Орусия бизге көптөгөн маселелер боюнча жардам берүүгө даяр"

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Ала-Тоо 24» каналына маек курду.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Орусия Федерациясы менен эки тараптуу мамилелер, ата мекендик эмгек мигранттардын көйгөйлөрү, коррупция, коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүү чаралары жана башкалар тууралуу актуалдуу суроолорго жооп берди.

Талант Мамытов белгилегендей, Орусия Федералдык жыйынынын мамлекеттик Дума төрагасы Вячеслав Володин менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында жакшы натыйжага жетишти.

Жолугушууда Кыргыз эмгек мигранттарынын бир катар көйгөйлөрү - Орусия Федералдык миграция кызматы тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн айрым жарандарынын Орусияга кирүүсүнө тыюу салууга «кара тизме» байланыштуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуудагы кыйынчылыктар, авиакаттамдардын билеттеринин кымбаттыгы жана башкалар көтөрүлгөн. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселеси сунушталды.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов Вячеслав Володиндин Орусия тараптын аталган маселелерди чечүүгө даярдыгын билдиргенин, тиешелүү эки тараптуу макулдашууларга кол коюу белгиленгендигин айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу өлкөдө коронавирус илдети менен күрөшүүгө дары-дармектер жетиштүү экенин, ошону менен катар эле Орусия тараптын кошумча жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Талант Мамытов Вячеслав Володин менен болгон жолугушууда Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы бардык эл аралык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу ниети бар экенин дагы бир жолу тастыктады.

«Кыргыз өлкөсүндөгү бардык багыттар боюнча кызматташтыкты арттырууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгерде ири долбоорлорду ала турган болсок, алар ГЭС, завод-фабрикаларды куруу, айыл чарба секторунда органикалык продукцияларды ташуу жана башкалар», — деп белгиледи Талант Мамытов.

Ошондой эле мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Москвада Кыргыз жарандары менен болгон жолугушуу туурасында да кеп кылып, Жогорку Кеңештин төрагасынын астында Миграция маселелери, чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен диаспоралар боюнча кеңеш түзүлгөндүгүн айтып берди.

Ал ошондой эле учурда Кыргыз өлкөсүндөгү маанилүү процесстердин бири - бул президенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүү, референдумду уюштуруу экенин белгиледи.

«Шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди, аларга эл аралык байкоочулар дагы байкоо жүргүзүп турушат», — деп билдирди Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу өлкөнүн жарандары өлкөдөгү башкаруунун эң ылайыктуу формасын аныктап алышы керек болгон конституциялык реформанын маанисине токтолду.

Мындан сырткары, ал коррупциялык элементтерди чектөө чаралары жөнүндө, ал үчүн коррупцияга алып келген себептерди айырмалап белгилеп, адам факторун жокко чыгаруу зарылдыгы тууралуу өз оюн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан