Сахалинде полиция кызматкеринин мурдун сындырган Кыргыз жараны 3 жылга эркинен ажыратылганы айтылды

Сахалинде полиция кызматкеринин мурдун сындырган Кыргыз жараны 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, Түштүк-Сахалин прокуратурасы Кыргыз жаранын мамлекеттик кызматкердин ден соолугуна кооптуу зомбулук көрсөткөндүгү үчүн күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

"1993-жылы туулган Кыргыз жараны 2019-жылы 2-мартта мас абылында кармалган. Андан соң полиция мекемесине алып барган учурда кызматкерлерге кол көтөрүп, ден соолугуна залал келтирген. Анын ичинде бир полиция кызматкеринин мурдун сындырган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-12-11 09:31:44
Каратейис ко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан